Жоламан Шаршенбеков алгачкы жолу күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты. Анын алгачкы атаандашы венгриялык Кристиан Кечкемети болуп, Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Ал эми чейрек финалда АКШнын балбаны Ильдар Хафизов менен күчүн сынап, беттеш башталары менен Жоламан атаандашынын далысын басып, таза жеңишти камсыздады.

Жарым финалда кыргыз балбаны казакстандык Айдос Султангали менен күрөшүп, 7:0 эсебинде финалга татыктуу өттү.

Алтын үчүн кармашта Шаршенбеков 20 жаштагы болгариялык Эдмонд Назаряндан күчтүү экенин далилдей алды. Кыргыз балбаны атаандашын эки ирет көтөрүп чапканга да жетишти. Эсеп 11:2, Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болду.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков буга чейин дүйнө чемпионатында эки ирет (2018, 2021-жылы) күмүш медаль жеңген, бирок алтын ута элек болчу.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат.

Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда эки медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.