Мелис Эшимканов атындагы фонд журналисттер арасында сынак жарыялайт. Талаптар

Азыркы журналисттердин жоон тобунун устаты, эгемен кыргыз журналистикасына чыйыр салгандардын бири Мелис Эшимкановдун элесине арналган сынак жанданып, мыкты аналитикалык макала тандалмакчы. Бул тууралуу Мелис Эшимканов атындагы фонд кабарлады.

Сынакка 2022-жылдын 1-январынан тарта жарыяланган, уктурулган, көрсөтүлгөн аналитикалык материалдар кабыл алынып, 15-ноябрда токтотулат.

“Курч калемдүү кесиптеш 9-декабрда — Мелис Эшимкановдун 60 жылдык эскерүү кечесинде аныкталат. Анын айтылуу “Асаба”, “Агымы” коомдун талуу көйгөлөрүн таамай чагылдырып, туура бүтүм чыгарууга түрткөн аналитикалык материалдары менен белгилүү эле. Бул да жогору бааланып, окурмандардын табитин тарбиялаган. Көпчүлүктүн шары менен ага бергенче ар бирибиз өз агымыбызды таап алганга эмне жетсин? Буга аналитикалык макалалар мыкты азык болуп бере алары ырас. Андыктан бул багыт унутта калбасын”, — дешти уюштуруучар.

Басылмалардагы (гезит, сайт, журнал) макала 2-3 А4 барагынан, ал эми радиоуктуруу же телекөрсөтүү 15 мүнөттөн ашпоого тийиш. Тилге, багытка, учурдун жаңы инструменттерин, инфографика же башкаларды пайдаланууга дегеле чек коюлбайт. Жеңүүчүгө төш белги жана 100 миң сом өлчөмүндө сыйлык каралган.

Фонд өлкө аймагындагы жогорку окуу жайлардын журналистика факультетинин студенттеринин арасындагы эссе сынагы суроо-өтүнүчтөр менен дагы уланып жатканын белгиледи. Бул сынактын жыйынтыгы да 9-декабрда чыгарылат. Студенттер арасындагы сынактын сыйлык фонду — 50 000 сом.

Конкурска катышууну каалагандар “Кыргыз журналистикасынын эртеңи” темасында эссе жазышы керек.

Көлөмү 600-700 сөздөн ашпоого тийиш (эссе электрондук түрдө кабыл алынып, автордун аты-жөнү, телефон номери, электрондук дареги, окуу жайы, курсу так көрсөтүлүп, “Эссе сынагына” деп белгилөө шарт).

Эки сынакка тең катышуучулар материалдарын jadyrajasha@gmail.com дарегине жөнөтүүсү керек.

Байланыш даректери: Telegram: +996778997720 (билдирүүлөр гана кабыл алынат).