Тажикстандын эки чек ара заставасына сокку урулуп, ири көлөмдөгү техникасы жок кылынды

Тажикстандын “Ляккан” жана “Богдари” чек ара заставаларына сокку урулуп, ири көлөмдөгү оор техникасы жок кылынды. Бул тууралуу Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматта тажик тарап чек арада жайгашкан айылдарынан ок чыгарып жатканы, муну менен Кыргызстандын чек арачыларын жооп кайтарууга аргасыз кылып жатканы айтылат.

УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы айыгышкан кармашты улантып жатат. Кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша жооп кылган маневрларды колдонуп, каршылаш тараптын аткылоосун токтотууга аргасыз кылуу үчүн заманбап техникаларды колдонууда.