“Тоодо тоңуп өлдү деп алдашкан”…

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Гүлзина Бактыбаева 2016-жылдын кыш мезгилинде каза болгон уулунун иши боюна башкы прокурор Курманкул Зулушевгекайрылды.

Анын айтымында, окуя 2016-жылдын декабрь айында болгон. «Үйгө милициядан эки кызматкер келип, уулумду унаага салып кетишкен. Эмнеге алып кетип жатканын сурасам, «жумуш бар» деп коюшту. Ошол бойдон баламды көргөн жокмун. 13 күндөн кийин өлдү деген кабар келди. Жетим бала болчу. «Тоодо тоңуп өлдү» кылып коюшту. Мына 5 жыл болду. 5 жылдан бери арыз жазып кирсем, орган тараптан такыр каралган жок. Сотто иниси иштейт экен, соттогу документтери жоголуп кетти. Ушуну чечип берсеңиз дедим эле», — деди эне.

Курманкул Зулушев тууганынын сотто иштегени негиз эмес экенин айтып, мыйзам чегинде карап берүүнү убадалады.