Коом

Ташиев: Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары үйлөрүнө кайта берсе болот

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында коопсуз аймактарга эвакуацияланган Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары үйлөрүнө кайта берсе болот. Бул тууралуу КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Жашоочулар өз алдынча үйлөрүнө кайта берсе болот. Эгерде мүмкүнчүлүк жок болсо, анда жергиликтүү бийлик органдары ӨКМ менен биргеликте транспорт уюштуруп берет. Көчөгө чыгып, транспорт издеп кыйналбаңыздар. Анын баарын өзүбүз уюштуруп беребиз. Бүгүндөн баштап мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот», — деп баса белгиледи Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-сентябрда Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрмө жайында чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өттү. Анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button