Дүйнө

Казакстанда концерт берген Моргенштерн тепкиге калды

Орусиялык рэпер Алишер Моргенштерндин жакында Алматыда өткөн концертинен бир топ видеолор интернетке жүктөлдү. Бирок анын шоудагы жүрүм-туруму күйөрмандарынын арасында да көптөгөн суроолорду жаратууда.

Рэпердин концерти 7-октябрда Алматыдагы түнкү клубдардын биринде өттү. Социалдык тармактарда артисттин аткаруусундагы видео жана сүрөттөр тарап жатат. Кадрларга караганда, чектен чыккан рэпер сахнага мас абалында чыгып, иш-чаранын аягында ал бутуна турбай калган.

«Чыгармачыл инсандарды түшүнүүгө болбойт», «Бул эмне деген сыйлабастык», «Мына көрүүчүгө болгон урмат!», «Чарчады, эс алуу үчүн жатты» деп сындашты күйөрмандар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button