Коом

Бир жылда Кыргызстанда өрттөн 47 адам каза болду

Өткөн жылдын ушул мезгилинен тарта өлкө аймагында 2 673 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, 2020-2021-жыл ичинде бул көрсөткүч 3 289га жеткен.

“Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы 18,7 %га азайды. Ал эми өткөн жылы материалдык чыгым 1 млрд 120 млн 896 миң 418 сом болгон болсо, бул жылы 806 млн 805 миң 732сомду түзүп, 28%га азайды”, — деди министр.

Ажикеев өрттүн кесепетинен бул жылы 47 адам каза болгонун, өткөн жылы бул көрсөткүч 57га жеткенин кошумчалады. Министрликтин өздүк курамынын өрт өчүрүүдөгү жаңы тактиканын колдонушу жана даярдыктын жогорулашынан улам жалпы 25 млрд 44 млн 713 миң сом товардык-материалдык баалуулуктар жана 36 жаран куткарылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button