Коом

Өмүрбек Бакировдун криминалдык иштерге аралашып жүргөнү депутат болуусуна жол ачканбы?

Өмүр баянына көңүл бурсаң жеке ишкерлигинен башка эч бир саясий тажрыйбасы деле жок Өмүрбек Бакиров кантип ЖКнын депутаты болуп шайланып калганына таң каласың. Жеке бизнеси, криминалдык иштерге аралашып жүрүп «каралардын” арасында топтогон кадыры менен эле депутат болуусуна жол ачкандай. Кылмыш дүйнөсүндө аты бар мындай адамдар мамлекеттик иштерге, мыйзам жазууга аралашканы кандай өкүнүчтүү.

2015-жылдын шайлоо алдындагы мезгилдеринде Өмүрбек Бакировдун түздөн-түз жетекчилиги астында Төө-Моюн айылынын тургундарынын арасынан жаштардын арасынан атайын тандалып өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн 50дөн ашык спортчулар даярдалган.

Төө-Моюн айылынын жаштарынын бул уюшулган балдары Өмүрбек Бакиров тарабынан көзөмөлдөнүп, анын каалаган буйругун аткарууга даяр.

Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Улуу-Тоо аймагы аркылуу аткезчилик, контрабандалык жүктөрдү ташуу Ө.Бакировдун мыйзамсыз каржы булактарынын негизги булактарынын бири болуп саналат. Ошондой эле Ө.Бакировдун жеке көзөмөлү жана патронаждуулугу менен сезондук мезгилде коон дарбыздар Өзбекстан Республикасынын аймагынан Төө-Моюн айыл өкмөтү аркылуу экспорттолуп, андан кийин Россия Федерациясынын аймагына транзит менен жөнөтүлөт. Анын Араван районундагы аймагында жип өндүрүү боюнча «Потенциал Текстиль» ЖЧКсы да бар.

Өмүрбек Бакиров Кыргызстандын түштүк облустарынын кылмышкерлеринин арасында мамилеси бар экени белгилүү.

Маркум криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин өкүл баласы болгон.

Укук коргоо органдары тарабынан 2004-жылы «Адам уурдоо», «Тоноо» жана «Опузалап, коркутуу» беренелери менен Ош шаардык соту тарабынан 2005-жылдын 21-сентябрында 4 жылга эркинен ажыратылган. Кошумчалай кетсек, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат борборунун маалыматы боюнча, Бакиров Ош облустук сотунун 2007-жылдын 12-июлунда 353 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүгү («өзүм билемдик») беренеси боюнча айыпталган. Кылмыш ишинин No 082-10-0082 алкагында 2010-жылдын 13-майында Ош шаарында облустук мамлекеттик администрациясынын имаратын басып алуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштурууга катышкан. Кыргыз Республикасынын түштүгүндө болгон каргашалуу окуяларда Өмүрбек Бакиров колунда автоматы менен Ош шаарынын көчөлөрүндө ээн жайкын жүргөнү белгилүү.

Ушундай артында шакмары бар, таза эмес аброюна карабастан элге акыл үйрөтүп, мыйзам жазып отурганына таң каласың. Мындай криминалдык чөйрөдөн чыккан адам кантип мыйзам жаза алат жана кантип эл өкүлү боло алат деген суроо туулат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button