Пайдалуу кеңеш!Стресс болуу жумушка кандай таасир берет?

Стресске кабылып, кыйналып жүргөн кызматкер жумушка да, өзүнө да зыян алып келет. Бул тууралуу “Известия” басылмасы бир катар психологдордун айткандарына таянуу менен жазды.

Врач-психотерапевт Артём Толоконин кандай адамдардын жумушу жакшы жүрүшпөй турганын эффективдүү айтып берген. Адис билдиргендей, жакыны ооруп жаткан, жумуштан сырткары дагы түйшүгү көп адамдар дайым чарчаңкы жүрүшөт. Иште дайыма тынчы кетип отурат.

Ал эми психолог Анна Сухованын билдирүүсүнө ылайык, ар бир адамдын жашоосунда кыйын мезгил болот, аны жүрөгүнө жакын алып ойго баткан, асан кайгы, эмоционалдуу адамдар стресске бат түшөт. Алы кетип, шайы ооп, ачуусу бат келип көңүлү эч нерсеге чаппайт, эмне кыларын билбей калышат.

“Кызматкердин стрессте жүрүшү жумушка терс таасирин тийгизет. Адам убактысын пландай албайт, иштей албайт, көңүлүн бир жерге коё албай кыйналат. Мындай абал улана берсе катуу чарчап, соңунда жумуштан кетүү чечимине келет. Стресстин эки түрү бар: дистресс — бул ден соолукту жана психиканы бузат, экинчиси — эустресс, ал адамга оң таасирин тийгизет. Адам жашоосунда адаттагыдан тыш бир жагдайга кабылса жана ага көнүүгө аргасыз болсо бул “жакшы” стресс, анткени ал тажрыйба алат, жогорку тепкичке чыгат”, — дейт Толоконин.

Психологдор стрессте жүргөн кызматкерге өз учурунда колдоо көрсөтүлбөсө өнөкөт оорулар пайда болорун эскертишет.

BestDoctor кардарга кызмат көрсөтүү департаменинин директору Георгий Кругликов депрессиянын алдын алуу жолдорун тизмектеп, ага жетекчилик жардам бере алышы мүмкүн экенин белгиледи:

адегенде стрессте жүргөн адам менен анын тынчын кайсы көйгөй алып жатканын ачык сүйлөшүү зарыл;

кесиптештер чогуу иштеген адамдын стрессте жүргөнүн байкаса кепке тартканы туура. Кээде адам ичиндеги бугун чыгарып алса жеңилдеп калат;

эгерде тынчы кетип жүргөн адамга баарлашуу жардам бербегенин байкасаңыз, психологго кайрылуу кеңешин айтыңыз.

“Албетте, стресстен чыгуу үчүн адам биринчи кезекте өзүнө өзү жардам бериши керек. Адегенде тамактануу менен уйкуну жөнгө салуу зарыл, андан кийин дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап, кыймылды көбөйткөн туура. 30 мүнөттүк эле машыгуу же йога көңүлдүн көтөрүлүшүн шарттайт. Жашоодо кезиккен көйгөйлөргө туруштук берүү үчүн жашоонун ар бир тармагын көзөмөлгө алуу зарыл. Жумуш гана эмес, үй-бүлөлүк турмуш, жеке мамилелер жана адамдын өзү менен өзү да тил табыша алуусу маанилүү. Бактылуу адамды жумуштагы түйшүктөр көп кыйнай албайт”, — дешкен адистер.