Жер шарында калктын саны 8 миллиардга жетти

Дүйнө жүзүндөгү калктын саны 8 миллиардга жетти. Мындай маалымат Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, БУУ буга чейин Жер шарында калктын саны 8 миллиардга 15-ноябрь күнү жете тургандыгын билдирген. “Эгерде дүйнө калкынын саны 7ден 8 миллиард адамга чейин өсүшү үчүн 12 жыл керек болсо, анда 9 миллиард адамга жетүү үчүн болжол менен 15 жыл керек. Мындай көрсөткүч бүтүндөй дүйнө калкынын өсүү темпинин басаңдагандыгын билдирет”, – деп жазылат маалыматта. Акыркы жылдарда Жер шарынын калкынын саны кескин өсүүдө. 1960-жылы Жер шарында 3 миллиард адам болсо, 2011-жылга карата калктын саны 7 миллиард адамга чейин өскөн. Дүйнө калкынын негизги бөлүгү Азия менен Африкада жашайт.