Чынара Мамажакыпова: Өзбекстан менен чек араны тактагандан кийин Кыргызстандын аянты дагы кеңейди, жаңы жерлерди алдык, Кыргызстан утту!

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча келишим Жогорку Кеңеште ачык каралды. Ага Президент Садыр Жапаров катышты. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев толук маалыматтарды берип, бизге өткөн жаңы жерлерди көрсөттү.
Буга чейин бийлик “жабык көрсөтөлү, ачыктабай түшүндүрүп берели” дегенинин себептери эми түшүнүктүү болду. Чынында биздин мамлекет утуптур, жерибиздин аянты дагы кеңейип, жаңы аймактар кошулуптур. Депутаттарга таратылган маалыматтар ачыкталды, мен дагы пикирим менен бөлүшө кетейин.
Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычын 100% Өзбекстан башкарып келген. Кыргызстан тарап суу сактагычты пайдалана алган эмес. 2019-жылы чыккан Адахан Мадумаровдун маеги жүрөт, “биз суу сактагычтын жээгине бара албайбыз, балык кармаганы баргандарды өзбектер кармап кетет. Өзбектердин тооктору биздин корообузда алмабызды жеп жүрөт”,- деген. Ал эми плотинага 100% Өзбекстан ээлик кылган.
Мындан ары, насос аркылуу суу тартып айыл-чарба тармагына пайдалансак болот, жээгинде ээн-эркин балык кармап, кайык менен сейилдеп жана башка муктаждыктар болсо, сууну каалагандай колдонууга болот. Эки тараптуу келишим боюнча суунун жээги зым менен тосулбайт, ачык болот. Плотинага Кыргызстан менен Өзбекстан теңме-тең ээлик кылып, башкаруу 50/50 болот!
Экинчиси, 1965-жылдагы документтер боюнча суунун горизонталы 908 деп бекитилген. Мында 5731 гектар жер тилкеси суу астында калган. Мындан ары суунун деңгээли 900 горизонталдан ашпай турганы келишимде так көрсөтүлдү. Мында максимум 4485 гектар жерди суу ээлейт. Мындан 4127 гектар сууну басып жаткан жер үчүн Өзбекстан 1965-жылы эле Кыргызстан тарапка өз жерлеринен берген. Ал кайсы жерлер, ага кайсы айылдар түшкөнү тууралуу тизмени жазып берем.
Бүгүнкү күнү суу астында калган айырма 358 гектар жер үчүн Өзбекстандан 1000 гектар жаңы жер алдык, 500 гектар Сузактан, 500 гектар Өзгөндөн. Мындан тышкары суунун горизонту 908ден 900гө түшкөндө суу сактагычтын айлана-тегерегинен 1246 гектар жер аянты бошойт. Бул жерлер дагы Кыргызстанга өтөт.
Өзбекстан Кемпир-Абаддагы суу басып жаткан 4127 гектар жер үчүн 1965-жылы берген жерлерге биздин кайсы айылдар түшкөн?
- Кадамжай районунун Көк-Талаа айылы 758 гектар жерге курулган;
- Пылдырак айылы 255 гектар жерге курулган;
- Араван районунун Найман айылы 148 гектар жерге кулуган;
- Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган;
- Аксынын аэропорту жана башка обьектилер 446 гектар жерге курулган;
- Жетиген айылы 75 гектар жерге курулган;
- Падыша-Ата сайы 5 гектар жерди ээлеп турат;
- Кара-Дөбө айылы 45 гектар жерди ээлеп турат;
- Ала-Букадагы Ажек тоо участогу жалпы аянты 1307 гектар жерде турат. Ошентип, 1965-жылы Өзбек тарап берген 4127 гектар жерге жогорудагы айылдарыбыз отурукташкан. (Бул боюнча архивдик жана тарыхый документтер депутаттарга берилип, алардын алдында папкада турат)
Союз тарагандан бери бүгүнкү күнгө чейин такталбаган талаш жерлердин канчасы бизге өткөндүгү боюнча маалымат берилди. Арасында 2017-жылы Атамбаевдин колу менен Өзбекстанга толугу менен өтүп кеткен, мыйзамдуу бекип калган жерлер кайра кайтарылыптыр. Бул аймактардын көпчүлүгү архивдик жана башка материалдарга ылайык Өзбекстандын картасында тургандыгын унутпашыбыз керек. Ал документтер турат.
- Көк-Серек айылынын жанынан 105 гектар жер бизге өттү;
- Баястан айылынан 212 гектар жер бизге өттү;
- Кара-Белес айылынан 25 гектар жерди кайра кайтарып алдык. Бул жер 2017-жылы 5-сентябрдагы келишим менен Өзбекстанга өтүп, Алмазбек Атамбаевдин колу менен бекитилип калган. Бул жерди дагы кайра кайтарып алдык;
- Кара-Суудан 100 гектар жер бизге өттү;
- Ала-Бука районунда жайгашкан Гавасай участогунан 12 849 гектар жер аянты Кыргызстанга өттү. Бул жайлоо 1965-жылы ошол кездеги жетекчилердин колу менен Өзбекстанга өтүп кеткен, бүгүн кайра кайтарып алынды!
- Унгар-Тоо бизге өттү, 35 гектар;
- Баткен облусунда жайгашкан газ сактоочу жайды (Түндүк Сох) толугу менен Кыргызстан алды. Азыр биздин энергетика министрлигинин балансына өттү.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери чечилбей келген чек ара маселесине буюрса чекит коюлганы турат. Канча жолу президент алмашты, алар улам кийинкиге калтырып келе беришкен. Алмазбек Атамбаев дагы жакында кайрылуу кылып, “чек ара маселеси татаал, мен кийинкиге калтырып койгом”-деп айтты. Садыр Жапаров дагы кийинки урпактарга калтырып койсо болмок, бирок андай кылган жок. жоопкерчиликти моюнга алып, аягына чыгарып жатат. Болгондо дагы Кыргызстанга пайдалуу келишим болуптур.
Ушундай оор сүйлөшүүгө айрым саясатчылар тоскоолдук жаратып, “Кемпир-Абадды берип салды”-деген манипуляция кылышканы өкүнүчтүү. Мамлекеттин аймагын тактап жатканда ички душмандар элди козутуп, маалыматы жок карапайым элди козутууга аракет жасашты. Алар ким экенин жакшы билесиздер, айрымдары камакта отурушат. Жеке керт башын ойлогон, популисттик түшүнүктөн жогору боло албаган депутаттар добуш берүүдөн баш тартып, элдин сезимине ойноп жатышат. Бүгүнкү күндүн чыккынчылары ошолор деп айтсак жаңылбайбыз!
Эгер жаңылбасам, Кыргызстандын аянты 199 951 км квадрат болсо, Өзбекстан менен чек араны тактап чекит койгондон кийин 210 000 миң км квадраттын тегерегине жетет экен. Аймагыбыз чоңоюп жатат. Бузукулук кылгандар эми элдин бетин кантип тиктээр экен?



