Катарда өтө турчу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун эмблема, топ, тумар жана гимни

Дүйнөлүк чемпионат бүрсүгүнү, 20-ноябрда башталат. Финалдык матч 18-декабрда өтөт.

Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктун тумары лаиб деп аталган араб эркектери башына оронгон чалма. Ал эми эмблемасы кызыл оюм-чийим менен ак буралган сегиз саны болот. Сегиз саны турнирде оюндарды өткөрө турган стадиондордун санын билдирет. Ошондой эле эмблема чексиздиктин да белгисин билдирет.

Дүйнө чемпиондугунун расмий тобу Al Rihla деп аталды — араб тилинен которгондо «саякат» дегенди түшүндүрөт. Adidas компаниясынын жаратуучуларынын айтымында, жаңы топ эң ылдам жана эң так болуп саналат. Бул эффектке жетүү үчүн, топ CTR-Core технологиясын колдонуу менен жасалган. Ал эми гимни катары америкалык ырчы Тринидад Кардона жана катарлык ырчы Аиша аткарган «Hayya Hayya» ыры болду.