Коом

Нарында дарактар мыйзамсыз кыйылып,мамлекетке 140миң сом зыян келтирилди

Кечээ, 17-ноябрда Нарын облусунун Нарын районундагы Кенеш айылында мектептин короосунан 23 даана дарак (12 терек, 2 кайың, 9 карабак) мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдайт.

Билдирмеге ылайык, аталган экологиялык кылмыш боюнча акт түзүлүп, жаратылышка келтирилген зыяндын жалпы суммасы 139 миң 214 сом өлчөмүндө эсептелген.

Топтолгон материалдар КР колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button