Коом

Ала-Бука районунда 90 орундуу эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат

Ала-Бука районунун Ак-Там айыл аймагында 90 орундуу эки бала бакчанын курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, аймактагы социалдык объектилердин абалы менен КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев таанышып чыкты.

Азыркы учурда райондун Ак-Там айыл аймагындагы Ак-Там жана Кызыл-Ата айылдарында 90 орундуу эки бала бакчанын курулуш иштери 70-80 пайызга аяктап калган. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин курууга райондун өнүктүрүү фондунан жалпы 39 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Ала-Бука районунда жалпы 28 бала бакча болуп, камсыздоо 32 пайызды түзөт. Район боюнча дагы төрт бала бакчанын курулуш иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button