2023-жылдын 1-анварында пенсия жашоо минимумуна жеткирилбейт.

Бул тууралуу Акылбек Жапаров айтты.
Депутат Дастан Бекешев 2021-жылы кабыл алынган Конституцияда “пенсия 2023-жылдын 1-январынан тарта пенсия жашоо минимумунан төмөн болбойт” деп айтылганын эске салды. 

Бул норма жазылып аткан кезде эле аткарууга мүмкүн эместигин айткам. Анткени пенсионерлердин 450 миңден ашыгы (жарымынан көбү)  айыл чарба секторундагылар. Алар убагында Соцфондго айына 8-10 сомдон гана төлөшкөн. Ошого карабай биз пенсиянын көбөйтүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз“, — деди Жапаров. 

Учурда пенсонерлердин жашоо минимуму 5600 сом, ал эми эң аз пенсия 2500 миң сом. 

@user2