Китепкана, театр, музейлердин 12 миң кызматкери аттестациядан өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмүндөгү 12 064 кызматкер аттестациядан өтөрүн ведомстводон билдиришти.

“Аттестациядан министрликтеги билим берүү, театр, оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият үйлөрүнүн кызматкерлери өтөт”, — деп айтылат маалыматта.

График:

Бишкек шаары жана Чүй облусу — 14-31-декабрга чейин;

Ысык-Көл облусу — 10-20-январга чейин;

Нарын облусу — 17-31-январга чейин;

Талас облусу — 24-январдан 10-февралга чейин;

Баткен облусу — 7-25-февралга чейин;

Ош облусу — 14-февралдан 3-мартка чейин;

Жалал-Абад облусу — 28-февралдан 17-мартка чейин.

Ал эми Билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер төмөнкү график боюнча өтүшөт:

Ысык-Көл жана Нарын облустары — 14-23-декабрга чейин;

Талас облусу — 10-13-январга чейин;

Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары — 16-январдан 17-февралга чейин;

Бишкек шаары, Чүй облусу — 27-февралдан 10-мартка чейин.