«Туратали» базарынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын жетекчисинин иш бөлмөсүндө болгон окуя боюнча кылмыш ишин козголду. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси («Жайды, имаратты же курулманы өз билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу) боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Т-Медиага» билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 30-ноябрь күнү Кара-Суу районундук милициясына «Туратали» базарынын жетекчисинин иш бөлмөсүн жыйырмага жакын жаран ээлеп алганы боюнча кабар келип түшкөн. Жеринде териштирүү иштери жүрүп, базардын мурунку жетекчиси Манас Үсөнов өзүнүн тарапташтары менен базар жетекчисинин иш бөлмөсүн ээлеп алганы аныкталган.

«Мыйзам боюнча мурунку жетекчи сот аткаруучулар менен келип, жамаатка соттун чечими тааныштырылышы керек болчу. Бирок Манас Үсөнов тарапташтарынын коштоосунда өз билемдик менен иш бөлмөнү ээлеп алган. Учурда кылмыш иши козголуп,  Манас үчөнов жана анын эки тарапташы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баш коргоо чарасы 2-декабрь күнү каралат», -деди Аширбаев. 

Кечээ, 30-ноябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн алдына «Туратали» базарынын соодагерлери нааразычылыктарын айтып чогулушкан. Алардын сөзүнө караганда, базардын мурдагы жетекчиси Манас Үсөнөвду райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, себебин айтышкан эмес. Окуя мурда кызматынан алынып, бирок Жогорку соттун чечими менен акталган  мурдагы жетекчи Манас Үсөновдун базардын администрациясына келген учурунда болгон. Чогулгандар азыркы базарком менен иштешүү мүмкүн эмес болуп жатканын айтышып, Үсөновду эски кызмат ордуна кайтарууну талап кылышкан.

«Туратали» базарынын мурдагы жетекчиси Манас Үсөнов 2021-жылдын 16-декабрында кызматтан алынган. Анын ордуна Нурбек Эргешов базаром болуп дайындалган. Бирок Ош облустук соту үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында анын мурда ээлеген кызматын калыбына келтирүү боюнча чечими чыгарганы белгилүү болду.