Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык аял боюнан алдырган. Статистика

2021-жылы Кыргызстанда 17 075 аял боюнан алдырган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин былтыркыга карата жарыялаган “Калктын жашоо деңгээли” отчётунда көрсөтүлгөн.

Мындай учурлар 2020-жылга караганда (14 906) көп, бирок 2019-жылдагыдан (20 172) азыраак катталган.

Былтыр боюнан алдыргандарды жаш курагы боюнча бөлө келгенде төмөнкүдөй көрсөткүчкө ээ болобуз:

20 жашка чейинкилер — 972;

20-24 жаштагылар — 3 681;

25-29 жаштагылар — 4 394;

30-34-жаштагылар — 4 026;

35 жана андан жогору курактагылар — 4 002.