Бишкекте майыптыгы барларды иш менен камсыз кылууда көмөк көрсөткөндөр сыйланды

2022-жылы 565тен ашык майыптыгы бар жаран активдүү чараларга тартылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев майыптыгы бар жарандарды иш менен камсыз кылууда мамлекетке салым кошкон ишкерлерге “Чексиз” Жумуш берүүчүлөрдүн биринчилиги” наамын ыйгаруу аземинде айтты.

Министрдин айтымында, өлкөдө 205 миң адам майыптыгы бар жаран катары каттоодо турат, анын ичинен 29 миңи экономикалык ишмердүүлүк менен алектене алат.

“2022-жылга бекитилген квотага ылайык, иш берүүчүлөр 669 майыптыгы бар адамды иш менен камсыз кылышы керек эле. Бирок, иш менен камсыз кылуу кызматынын жардамы менен 185 адам ишке орношту. Ал эми эмгек рыногундагы активдүү иш-чараларга (коомдук акы төлөнүүчү жумуштар менен кесиптик окутуу) 380 адам тартылды” – деди Базарбаев.

Белгиленгендей, министрликтин “Чексиз” онлайн-сурамжылоосуна 154 иш берүүчү мекемелери активдүү катышып, жыйынтыгында мамлекеттик жана жеке мекемелер арасынан 23 ишкана тандалып биринчиликке чыгышты. Алардын катарында Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү, Кочкор районунун М.Мусулманкулов атындагы Балдар искусство мектеби, Кара-Буура районунун “Нурдин” кафеси, Балыкчы шаарынын “Сладости Муслим” жеке ишканасы, Бишкек шаарынын №1 үй-бүлөлүк медицина борбору, Аксы районунун “Билимкана-Кербен” мектеби жана башкалар министрликтин сыйлыгына ээ болушту.

Ошондой эле министр ишкерлерге ыраазычылык билдирип, бул үлгү бардык иш берүүчүлөр үчүн жакшы башталыш катары кызмат кылышы керек экендигин белгиледи.