Без рубрики

Садыр Жапаров кеңешчисин алмаштырды

Президент эки жарлыкка кол коюп Алтынбек Жумаевди кеңешчиликтен кетирип, ордуна тарыхчы жана журналист Арслан Койчиевди дайындады.  

Былтыр февралда Койчиев президенттин кеңешчиси болуп кызматка алынган. Жайында ал кайра Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалып кеткен болчу.  

Ал эми Жумаев өткөн жылдын аягында президенттин маалымат кызматынын башчылыгына келип, августта кеңешчи кызматына которулган.  Бүгүн ал башка ишке өткөнү айтылды. Бирок кайсы кызматка барганы белгисиз.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button