УКМК: Кармалган эки КАМАЗ жана минералдык жер семирткичтер мамлекетке конфискацияланды

Аткезчиликке каршы күрөшүүнүн алкагында 2022-жылдын 24-июнунда КР УКМК Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өткөрүү пунктунан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районундагы “Тал” жергесинен кесип өтүүгө аракет кылган З.Ж.С. жана Э.Г.Р.нын башкаруусундагы “А5511L”, “03KG105ААL” мамлекеттик номурлуу эки КамАЗ кармалган. Айдоочулар менен бирге контрабандалык жүктүн ээлери Кыргыз Республикасынын жарандары Н.Ж.А. жана А.М.С. болушкан.

Бул жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда жалпы салмагы 20 тонна болгон “Селитра” минералдык жер семирткич табылган.

2022-жылдын 21-декабрында Лейлек райондук сотунун өкүмү менен бул контрабандалык минералдык жер семирткичтерди ташууну уюштурууга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары З.Ж.С., Э.Г.Р., Н.Ж.А. жана А.М.С. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган (“Экономикалык контрабанда”) кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, алардын ар бирине 160 000 сомдон айып пул салынып, ошондой эле “А5511L”, “03KG105ААL”   мамлекеттик номурлуу эки «КамАЗ» жана жалпы салмагы 20 тонна минералдык жер семирткич мамлекетке конфискацияланды, – деп айтылат УКМКнын басма сөз кызматы билдирген маалыматта.