Дүйнө

АКШда 6 жаштагы окуучу мектепте мугалимине тапанча менен ок атты

АКШнын Виргиния штатында полиция мугалимине тапанчадан ок чыгарып, ал оор жаракат алгандыгы үчүн 6 жаштагы окуучуну кармады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Полиция кызматынын өкүлүнүн берген маалыматы боюнча, 6-январь күнү 1-класстын окуучусу класста талаш учурунда мугалимине бир жолу ок чыгарган жана ал атуу кокустан болгон эмес. Полиция баланын тапанчаны кайдан алгандыгын аныктап, окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатат. Мугалимдин абалы адегенде өтө оор деп маалымдалган, кийин анын абалы жакшырып бара жатканы билдирилди.

Окуя орун алган мектепте металл издөөчү жабдык орнотулган, бирок ар бир эле окуучу текшерүүдөн өтө берген эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button