ВИДЕО: АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде Болот Темировдун тагдыры чечилип жатабы?

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде журналист Болот Темировду колдогон аудио сүйлөшүүсү интернетке тарады.

Анда элчиликте жооптуу кызматта иштеген Нолан Джонсон менен ошол эле элчиликте маалымат кызматында иштеген Турат Макенбаевдин  Темир Болотовдун тагдыры тууралуу сүйлөшкөнүн угууга болот.

Интернетте тараган бул аудио сүйлөшүүдө АКШ кызматкеринин Кыргызстандын ички саясатына аралашканын билүүгө болот. Элчиликтеги сүйлөшүүлөрдү коомчулук кызуу талкууга алып, АКШнын Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүгө акысы жок деген сындар айтылууда.