Бишкектеги жаңы салынган залда машыгуу өткөрүүгө сегиз өлкөнүн балбан кыздары келди

Бишкек шаарындагы жаңы салынган залда машыгуу өткөрүүгө сегиз өлкөнүн кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалары келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бишкек шаарында Норвегия, Венгрия, Эстония, Италия, Литва, Молдова, АКШ жана Казакстандандын күрөш боюнча кыз-келиндер курама командалары Кыргызстандын улуттук курама командасы менен биргеликте эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.

Аталган өлкөлөрдөн жалпы 50гө жакын спортчу жана алардын машыктыруучулары келди.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын октябрь айында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кыз-келиндер курама командасынын залы ишке берилген. Учурда зал бардык талапка жооп бергендиктен эл аралык окуу-машыгуулар өткөрүлүп баштады.