Ырчы Рустам Сагыналиев боор оорусуна кабылган. Ага Индияда операция жасоо керек болууда

Ырчы Рустам Сагыналиев боор циррозуна чалдыккан жана ага Индияда операция жасатууга акча чогултулуп жатат. Бул тууралуу ырчылар жазып, маалымат менен бөлүшүп жатышат.

«Кыргыздын таланттуу уулу, ырчы, аткаруучу, Улуттук филармониянын солисти Рустам Сагыналиев боор циррозунун оор түрүнө чалдыкканына байланыштуу Индиядан операция жасатууга аргасыз болуп жатат. Жалпы элден жана сиздерден колдоо күтөбүз. Жакшылыкты бөлүшсөң көбөйөт, кайгыны бөлүшсөң азаят. Рустам Сагыналиевдин башына түшкөн кайгыны тең бөлүшүп, колдоп берүүңүздөрдү сурайбыз. Донордон тышкары жалпы керектелүүчү каражат: 30 миң доллар болот экен. 9-февраль Филармонияда кайрымдуулук концертин уюштуруп жатабыз, элге да кайрылуу жасалат. Кесиптеш катары сиздер да кайдыгер карабайсыздар деген үмүттөбүз. МБанк жана ЭЛСОМ: 0554121255. Кайдыгер карабайлы кыргыз элим!» — деп жазылат маалыматта.