ВИДЕО: Алдамчылыктан абайлаңыз! Каракол шаарында алдамчылык кылмышынын бети ачылды

14-январда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз билдирүүсүндө 13-январда «Сардар» аттуу жаран ишенимине кирип, металл сыныктарын алуу үчүн 528 000 сом акча каражатын алганын, андан кийин жашырынып кеткенин билдирген.
Арыз ээси түшүндүргөндөй, январь айынын башында ага «Сардар» аттуу жигит телефон чалып, 78 тонна металл сыныктарын 19,5 сомдон сатып алууну сунуш кылган. Мындан тышкары, уюлдук телефон аркылуу Каракол шаарындагы темир сыныктардын сүрөттөрү жөнөткөн. Жолугушкан учурда ал андан Каракол шаарына баруу үчүн 10 000 сом жана металл сыныктарын ташуу үчүн жүк ташуучу унааны ижарага алуу үчүн 18 000 сом сураган. 13-январда алар Каракол шаарында жолугуп, ал жерден металл сыныктарын сатып алуу үчүн 500 000 сом сурап, акчаны алып жашырынып кеткен.
Бул факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) белгиси боюнча кылмыш иши козголгон.
Жакында Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш ишиктөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө алдамчылык боюнча шектүү жаран аныкталып, кармалган. Ал 1982-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Д.С. болуп чыкты.
Каракол шаардык соту тарабынан кармалган адамга карата ушул жылдын 2-февралына чейин камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Каракол ШИИБ эскертет: алдамчылардын максаты-паролдорду жана жеке маалыматтарды алдоо жолу менен билип алуу. СМСтен коопсуздук коддорун, картанын ПИН-кодун, CVC/CVV-кодун (картанын арткы бетиндеги 3 сан), банктык тиркемелерден алынган логиндерди жана паролдорду эч кимге билдирбеңиз. Товардын аныктыгын текшермейинче, интернет – кызматтар аркылуу сатылып жаткан товарды сунуштаган адамга акча каражаттарын алдын ала которууга болбойт. Сатылып жаткан товарды сунуштаган адам менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүү зарыл. Сизге жиберилген шилтемелер — бул жасалма сайттар же жасалма төлөм тутумунун порттору болушу мүмкүн.
Эгерде жарандарга карата алдамчылык жасалган болсо, болгон окуянын жагдайын билдирип, колдо болгон документтерди (эсептик чектерди, чалуулардын басып чыгарууларын ж.б.) көрсөтүү менен токтоосуз милиция органдарына кайрылуу керек.



