Коом

ИИМдин Генералдар клубунун мүчөлөрү Ош облусунун ички иштер башкармалыгында өздүк курам менен жолугушту

Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев жана ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин Генералдар клубунун мүчөлөрү милициянын отставкадагы генерал-майорлору Рашид Тагаев, Абдукапар Мавлянов, Расулберди Раимбердиев өздүк курамга ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик дэңгээлин жана руханий-адеп-ахлактык сапатын жогорулатууга, өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган насааттарын айтышты. Коноктор өздөрү иштеп жаткан убакта баштарынан өткөн олуттуу окуялар жөнүндө, алардын пайдасы жана зыяны жөнүндө кеңири кеп кылышып, кызуу талкуу жүргүзүштү. Алар кылмыштуулуктан мурда алдын алуу иштерине, ооруп калуудан мурда ден-соолукка кам көрүү жана ар дайым илим алуу жаатында изденүү менен бүгүнкү замандын талабынан артта калбай, алдыга умтулуу зарылдыгын белгилеп кетишти.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын талаптарын аткаруу максатында уюштурулду.
Иш-чарага жер-жерлердеги ички иштер органдарынын ардагерлер кеңештеринин төрагалары да катышышты.
Жыйынтыгында Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков Ош облусунун бардык райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниктерине жеринде өздүк курамга ушундай мазмундагы жыйындарды уюштурууну тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button