Пайдалуу кеңештер

Телефон колунан түшпөгөн киши кандай зыян тартат? Адистин пикири

Психолог уктаарга 2-3 саат калганда эле акырындык менен телефондон оолакташ керектигин эскертти. Социалдык тармактарды узак мөөнөт бою көрүү дофаминге көз карандылыкты пайда кылат. Бул тынчсыздануунун күчөшүнө, уйкунун бузулушуна жана ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келет. «Социалдык тармактарга көз карандылык биринчи кезекте дофаминге байланыштуу. Улам бир лентаны барактап отуруп, адамдын мээси кызыктуу, эмоцияны козгогон нерсени издейт. Бирок интернеттеги материалдар кыска убакытка гана ырахат тартуулайт. Демек, дофамин гормону аз бөлүнүп чыгат дагы, бат эле жок болуп кетет. Ошентип адам кайрадан кызыктуу нерсе издей баштайт. Аны таппаса, тынчсыздануу, кыжырдануу күчөйт, дене алсырайт», —деди психолог. Адис уктаарга 2-3 саат калганда эле акырындык менен телефондон оолакташ керектигин эскертти.

«Антпесе экрандын жарыгы мелатониндин иштелип чыгуу процессин бузат. Бул териге, эстутумга терс таасирин тийгизет», — деди психолог.

Ал сөзүнүн соңунда ден соолукка зыян келтирбеш үчүн телефонду күнүнө канча саат колдонууга болорун айтуу кыйын экенин, бирок адам колдон келишинче андан алыс болушу зарылдыгын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button