2022-жылдын 1-апрелинде жер мунапысы деп аталган мыйзам кабыл алынган. Анын алкагында Кыргызстанда 25 миң гектар жердин трансформация болорун кылынмакчы.
Төмөндө кандай жерлер трансформация кылынбасы айтылды:
▪️газ куурлары, жогорку чыңалуудагы электр линиялары, жылуулук тармактары өткөн жерлер
▪️көрүстөндөрдүн, мал көмүлгөн жерлердин, таштанды таштоочу жайлардын буфердик зонасы
▪️социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик объектилерин курууга арналган жерлер, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери
▪️экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген, алар боюнча сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар жерлер
▪️тарыхый-маданий мурас объекттери бар жер участоктору, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас объекттери, ботаникалык парк
▪️”Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” жана “Суу фондунун жерлери” категорияларындагы жерлер
@user2