Камчыбек Ташиев: Мамлекеттик чоң кызматта иштеген адамдын жакындары мыйзам бузса аёосуз жазаланат – ВИДЕО

Кечээ Мамлекеттик бажы кызматында эмгектенген 6 кызматкер коррупцияга шектелип УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды.  Алар бажы кызматында жасалма –транзит уюштуруп, коррупциялык схема тузүп алышканы аныкталган.  Коррупцияга шектелип кармалгандардын арасында Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси да бар экени коомчулукта талкууга айланган. Ошондон улам УКМК  жетекчиси Камчыбек Ташиев менен  Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ортосунда жеке  пикир келишпестиктер бар деген ар кандай маалыматтар коомчулукка жем таштаган.

Бул тууралуу УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев жеке пикирин билдирип, бул окуяга чекит койду. Ташиевдин айтымында чоң кызматта иштеген кызматкердин жакындары кандай гана мыйзам бузбасын ал башка карапайым адамдардай эле эч аеосуз жазага тартылат. Бул Президент Садыр Жапаровдун негизги тапшырмасы дейт.

Камчыбек Ташиевдин айтканы эч өзгөртүүсүз берилди:

-Азыр УКМК кызматы менен Башкы прокуратура жетекчилигинин ортосунда пикир келишпестиктер болуп жатат  деген туура эмес маалыматтарды таратышууда. Бул тууралуу кыскача түшүндүрмө бере кетейин. Башкы прокурор Курманбек Токторалиевич менен менин ортомдо эч кандай пикир келишпестиктер жок. Биз мыйзамдын чегинде ар бирибиз өзүбуздүн милдеттерибизди алып барып жатабыз. Ал эми бажы кызматындагы адамдардын кармалышы боюнча –  эки күндөн бери биз бажы кызматындагы коррупциялык системаны  аныктап чыктык. Ошонун негизинде  күнү-түнү менен иштеп,  коррупцияга шектелген 8 адамды кармадык. Алар кимдер? Алар бажы кызматында иштеген кызматкерлер.  Жүктөрдү деформация кылгандар, жүк ташыгандар. Кытайдан Өзбекстанга транзит менен  жук ташып өткөргөндөр.

Негизинен бул жерде  чоң суммадагы коррупциялык схема иштеп турган экен.  Алдын-ала  текшерүүлөрдүн жыйынтыгын алсак,  бюджетке миллиард сомдун  тегерегиндеги зыян келтирилген. Ошолордун арасында Курманбек Токторалиевичтин бир тууган кайниси бар  экендиги  бул чындык.  Ал азыркы күндө сурак берип жатат, бирок бул ишке Курманбек Токторалиевичтин эч кандай тиешеси жок.  Эгерде анын кайниси мыйзам чегинде мамлекетке зыян келтирсе, келтирген зыянды толуктайт жана мыйзамдуу жазасын алат. А эгерде андай күнөөсү жок болгону аныкталса мыйзамдуу жазадан бошотулат.  Аны менен бирге, дагы бир жолу кайталап айтайын, сегиз адам кармалды.  Чындыгында мындай нерселер көп эле учурда болуп калат.

Биз бирок мындай нерселерди ачыкка чыгарып айтпайбыз. Ачык айтып коеюн – көптөгөгөн чоң кызматта иштеген адамдардын жакындары,  мыйзам бузуп кармалып калат, алар мыйзам чегинде жооп берип жатышат. Мисалы, Садыр Нуркожоевич Жапаровдун бир тууган кудасы да кармалды, ал да отуруп чыкты. Президент Садыр Нуркожоевичтин бир тууган агасынын бир тууган бажасы “Достук” чек ара кызматында жетекчи кызматында эле, ал дагы кармалды. Ал да мыйзам чегинде өзүнүн жазасын, мөөнөтүн алды.  Менин да жакындарым, мисалы, өкүл балам кармалды. Андан башкалар да кармалып жатат. Башкача айтканда, мамлекеттик чоң кызматта иштеген адамдардын жакындары мыйзам бузган болсо аларга эч кандай аео болбойт.  Башка жөнөкөй адамдардай эле  алар да жазага тартылат. Ушул боюнча урматтуу президентибиздин бизге койгон тапшырмасы бар. Ошол тапшырмасынын негизинде биз эч кимди аябайбыз. Эгер мыйзамды буздуңбу  – мыйзам чегинде жооп бересиң.

Ошондуктан бүгүнкү күндө Башкы прокурордун кайнисинин кармалганын эч кандай трагедия деп карабаш керек. Же бул окуяны кайсыл бир деңгээлде тирешүү деп кабыл албаш керек. Бул адаттагыдай эле көрүнүш жана мындан ары да ушундай болот. Кайсы бир мамлекеттик чоң кызматта иштеген адамдардын жакындары мыйзам бузса жоопко тартылат. Бул бизге Президенттин негизги койгон тапшырмасы ушул”, -деди.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК менен ИИМдин ортосунда да тиреш бар деген сөз коомчулукка тараган эле. Анда Кочкор жана Сузак райондорунун милиция кызматкерлери жана РИИБдин жетекчилери криминалдык чөйрөдөгү адамдар менен байланышы бар экени аныкталып, УКМК тарабынан камакка алынган эле.

Эми кечээ жакында Башкы прокурордун кайниси мыйзам бузганы үчүн кармалганда да эки күч органынын жетекчилеринин ортосунда пикир келишпестик бар деген божомол, жалган маалыматтарды айрымдар айтып чыгышкан.

Антени менен күч органдардын ортосунда атаандашуу бар, бирок, коррупция менен биргеликте күрөшүп, эч кандай тирешүү жок экени байкалып турат.

Ким, кандай мыйзам бузса – эч аеосуз жазаланарын президент Садыр Жапаров да эскерткен эле.

Андыктан ар кандай жалган маалыматтарды таратуудан алыс бололу.

Булак: Abal.kg