БШК Жаныбек Абировду депутаттык мандатынан ажыратты

Боршайком (БШК) Жаныбек Абировду депутаттык мандатынан ажыратты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР мыйзамына ылайык Ленин райондук округунда кайрадан шайлоо өтөт.

Эске сала кетсек, Абиров Бишкекте катталган мушташка байланыштуу мандатын тапшырууну чечкен.