Дүйнө
Кореядагы белгилүү актриса жана модель өз жанын кыйды

Түштүк кореялык 26 жаштагы актриса жана модель Чон Чхэ Юль өлүмүнө өз жанын кыюу себеп болгон. Бул тууралуу Deadline билдирди.
«Дьявольский подиум» реалити-шоусу жана дүйнөгө тараган “Зомби-детектив” сериалы менен таанылган актрисанын сөөгү 11-апрелде үйүнөн табылган. Моделдин үй-бүлөсү «ушактарды жана божомолдорду таратуудан баш тартууга» чакырды.
Чон Чхэ Юль 1996-жылы 4-сентябрда төрөлгөн. Ал 2018-жылы оюн долбоорлорунда экрандарда дебют жасаган.
Окуя болгон учурда Юль “Үйлөнүү мүмкүн эмес” сериалында роль жараткан. Учурда шоу боюнча иш токтотулган — студия долбоордун келечегин чечүүдө.



