
Бирок баары эмес. Жогорку Кеңеш 4 өлкө менен визалык талаптарды жоюу боюнча келишимди үч окуудан колдоп берди.
Мальдив Республикасына Кыргызстандын бардык жарандары визасыз бара алат. Бирок 30 күндүк мөөнөт коюлган
Бириккен Араб Эмирлигине дипломатиялык паспорттор менен 90 күнгө барууну каалагандардан виза талап кылынбайт Бахрейнге жана Ливанга дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери визалык талаптардан 90 күнгө бошотулат
Келишим эки тараптуу болот, башкача айтканда, аталган өлкөлөрдүн жарандары да Кыргызстанга ушундай шартта келе алышат.



