Садыр Жапаров Кызыл аянттагы Жеңиш парадына ардактуу конок катары катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Россия Федерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга ардактуу конок катары катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу жүрүшкө 30 параддык эсепте 8 миңден ашык аскер кызматкерлери жана 125тен ашык аскердик техника катышты.

Жеңиш парады аяктагандан кийин президент Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери, ошондой эле делегация башчылары жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Александр бакчасындагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүл коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине бир мүнөт үн катпай таазим кылышты.