Пайдалуу кеңештер

Семирүүгө алып келген алты адат

Адистер күн бою аз-аздан жана бат-баттан тамактануу керектигин баса белгилейт.

Ролл жана суши

Адатта бул азыктарда калория аз өлчөмдө болот. Бирок учурда популярдуу болгон азыкты бат-баттан жана көп өлчөмдө колдонуу адатка айланды. Адистердин айтымында, үйдөн тамак жасоонун ордуна ролл менен суши алуу адатыңыз болсо бат эле ашыкча салмак кошуу коркунучу бар.

Тамакты аябай аз жеген адат

Бул адат — арыктоону самагандардын эң биринчи катасы. Анткени кыска мөөнөт ичинде бат арыктоону каалагандар метаболизм процессин бузуп алышат. Мындан улам организм жетишпеген калориянын ордун толуктоо үчүн аны көп коротпой, тескерисинче, салмак кошуу процесси башталат.

Уйкудан калуу

Аз уктоо ден соолукка көп зыян алып келет. Суткасына 7 сааттан аз уктаган адам орто эсеп менен күнүнө 385 килокалорийге көп тамак жейт. Бул көрүнүш кыска убакытта ашыкча салмак кошууга түрткү болот.

«Пайдалуу» тамактарды ашыкча жеген адат

Семирүү тез татым, чипсы азыктарынан улам келет деп билебиз. Бирок пайдалуу деген азыктарды чегинен ашык жеген учурда салмак кошуу коркунучу бар. Мисалы, ошол эле пайдалуу деген бадыраң, жаңгак же авокадону ченеми менен гана жегенге болот.

Жалаң эле салаттар менен тамактануу

Помидор, бадыраңдан турган салат көпкө ток кармабайт. Курсак ачкан кезде калориялуу тамакка тоюп албоо үчүн жеңил салаттарга белок (жумуртка, балык) кошконду унутпаңыз.

Тамактанбай коюу

Эртең мененки, түшкү же кечки тамактан баш тартуу менен күнүмдүк колдонулган калориянын санын азайтам десеңиз жаңылышкан болосуз. Анткени узак убакыт ачка болгондо тамакты ашыкча жеп алуу мүмүкүн. Мындан улам да салмак кошулат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button