Ден соолукту чыңдоо борбору балдардын жолдогу коопсуздугу тууралуу эскертти

 Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору ата-энелерге балдарды жол кырсыгынан оолактатуу үчүн эрежелерди айтып жүрүшүн эскертти.

Маалыматта белгиленгендей, балдар көбүнчө жолду туура эмес жерден кесип өткөндө, жолго чуркап чыкканда, жол четинде турган тоскоолдуктардан улам трассага чыгып кеткенде кырсыкка кабылат.

“Ата-эне бала жол коопсуздугун сактоого көнүшү үчүн ар дайым эрежелерди айтып туруусу керек. Өзгөчө ал үйдөн чыгып бара жатканда жолдогу кооптуу жерлерден абайлап өтүү тууралуу эскертүү зарыл”, — деп айтылат кабарда.

Балдарга жолдо коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн төмөнкүлөрдү тынымсыз эскертүү кажет:

жолго эч качан чуркап чыга калба, унаа жакындап калганда ал келгенче чуркап өтүп кетем деген ойдон алыс бол;

жолдон өтөрдөн мурун оң, сол жактагы унааны сөзсүз кара, эгерде кесилиш болсо, бардык тарапка көз жүгүрт;

жолдун сен тарап четинде чоң унаа токтоп туруп, андан аркы бөлүгү көрүнбөй жаткан учурда чуркап өтө калба;

автобустан түшкөндөн кийин анын астына, артына чуркап өтпө, туурасы – ал жүрүп кеткен соң жолдон өт;

унаа жүргөн жолдо топ жана башка оюндарды ойнобо;

топ балдар менен жолдон өтүп баратканда аларга алаксыбай, сүйлөшпөй, көңүлдү бир жерге коюп өтүү керек.

“Бала жолдон, транспорттон коркуп тура бербеши үчүн ага туура багыттагы эрежелерди үйрөтүү керек. Баланын жүрүм-турумунда жол коопсуздугун калыптандыруу үчүн мектепте да, үйдө да бул тууралуу айтылып турушу керек”, — дешти борбордон.