Спорт

Милиция кызматкерлери арасында кыргыз күрөшү өттү

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгын жакшыртуу максатында бекитилген спорттук иш план боюнча кызматкерлер арасында биринчилик уюштурулду.

Аталган иш-чара кыргыз күрөшү боюнча 12-майда “Динамо” түштүк спорт комплексинде өткөрүлдү. Анда ИИМдин борбордук аппаратынын кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана кызматтардын кызматкерлеринен турган жети команда күч сынашты.

Таймаштын жыйынтыгында, жалпы эсеп менен биринчи орунду Кадрлар башкы башкармалыгынын кызматкерлери ээлесе, экинчи орунга Республикалык окуу борбордун командасы татыды. Ал эми үчүнчү орун Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине буйруду. Ошондой эле командалар арсында жеке жетишкендиктер үчүн да кызматкерлер сыйланып, дипломдор ыйгарылды.
Жеңүүчү команда, милициянын генерал-майору Темиркан Субановду эскерүү иш-чарасына карата уюштурулган республикалык чемпионатка катышмакчы. Жыл сайын белгиленген бул эскерүү иш-чарасы 22-24-майда Бишкек шаарынын Динамо түштүк спорт комплексинде уюштурулат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button