Кирешенин 30%ынан ашпаш керек. Адис насыядан туура кутулуунун жолун айтты

Эксперт насыя алууда кирешени реалдуу баалоо маанилүү экендигине токтолуп, аны төлөөдө артыкча үнөмдөө менен ден соолукка, билим алууга зыян алып келбөө керектигин эскертти.
Эгерде насыяны төлөөгө айлык кирешенин жарымы кете турган болсо, бул тынчсыздана турган жагдай. Карызды төлөй албай калчудай абал жаралары менен карыз артынан карызга батып кетпөө үчүн алдыдагы абалды реалдуу баалап, чыгашаны оптималдаштырыңыз.

Адегенде акчаны акыл калчап үнөмдөөнүн планын түзүп чыгыңыз. Андан соң капыстан эле планда жок нерселерге чыгым болуудан, эмоцияга алынып товарларды сатып алуудан, керексиз кызматтардан, кафе, ресторандарда тамактануудан баш тартыңыз. Бирок үнөмдөө сиздин саламаттыгыңыз менен билим алууңузга терс таасир тийгизбеши керек. Себеби ден соолугуңузда көйгөй жаралса коюлган максатыңызды такыр аткара албай калышыңыз мүмкүн, ал тургай кайра баарын нөлдөн баштоого туура келет.

Эксперт каражатты үнөмдөө менен катар эле кирешени көбөйтүүнүн жолун караштыруу зарылдыгын белгилеген. Анын айтымында, мындай аракет менен насыяны батыраак төлөп салууга болот.


“Кийим, буюмдарыңызды карап чыгыңыз. Чак келбей калган бут кийим, кийимдерди, пайдаланылбай калган эмеректерди, иштетилбеген курулуш каражаттарын сатып жиберүүгө эмнеге болбосун? Кошумча жумуш табыңыз, айрым учурда хобби да киреше алып келет. Бирок кошумча иштөөдөн тапкан каражатты насыяны жабууга жумшоо зарыл