Дүйнө

Си Цзиньпин: «Кытай Борбор Азия өлкөлөрүн 3,7 миллиард доллар менен каржылайт

«Борбор Азиядагы стабилдүүлүк — тынчтыкты сактоонун жана аймакты өнүктүрүүнүн маанилүү фактору», деди Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин.

«Дүйнөгө стабилдүү Борбор Азия керек. Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүн, коопсуздугун, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн сактап, аймактын өлкөлөрүнүн элдери тандап алган өнүгүү жолун сыйлоо, алардын тынчтыкты орнотуу боюнча аракеттерин колдоо зарыл», — деди Кытай лидери Кытайдын Сиань шаарында 18-19-майда өтүп жаткан «Кытай – Борбордук Азия» жыйынында.

КЭРдин төрагасы Кытай аймактагы өлкөлөргө 3,7 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүп, жакырчылык менен күрөшүүгө салым кошо турганын, ошондой эле өлкөлөрдө иштеп жаткан кытайлык компаниялардын жаңы жумуш орундарын түзүшүнө дем берерин билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button