УКМК: Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиялоо системасында коррупциялык схема аныкталды – ВИДЕО

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саламаттыкты сактоо тармагындагы системалык коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору «А.А.И.» тарабынан уюштурулган белгиленген тартипти бузуу менен дары-дармек каражаттарын каттоонун жана сертификациялоонун тартибин тездетилген тартипте өткөрүүдө чагылдырылган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Ошентип, аталган А.А.И. мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында департаменттин жооптуу кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, оң чечим чыгаруу жана күбөлүк берүү үчүн фармацевтикалык ишканалардан акча каражаттарын алып турган.

Атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, коррупциялык схеманын катышуучулары – Департаменттин  кызматкерлеринин ортомчулугу менен А.А.И.нин иш бөлмөсүндө пара алуу фактылары катталган.

Ошол эле учурда иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес, же формалдуу түрдө жүргүзүлгөн. Жооптуу адамдардын мындай аракеттери сапаты сертификациялык талаптарга жооп бербеген медициналык буюмдарды каттоо коркунучун жаратат жана өлкөнүн калкынын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет.

Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо – Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын медициналык колдонууга уруксат алуу процесси.

Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо – Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражатын медициналык колдонууга уруксат алуу процесси.

Департаментинин директору А.А.И. кармалды жана КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан бул иш боюнча бардык жагдайларды, ошондой эле жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам -тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.