УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды – ВИДЕО

КР УКМК тарабынан криминалдык лидер К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттери токтотулду.  Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар көп жылдар бою эл керектөөчү товарларды (Кытайдан экспорттолгон товарлар) тартып алуу менен алектенип келишкен. Кыргыз Республикасынын ишкерлеринен жана жарандарынан, кийин алар тарабынан Кыргыз Республикасынын жана КМШ мамлекеттеринин аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган.

Тактап айтканда, КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 209-берененин 4-бөлүмүндө (Алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдө) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2023-жылдын 23-майында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү – “Алтуха” деген  каймана аты менен белгилүү А.И., А.К., “Протез” каймана аты бар А.Ш. жана “Кения” каймана аты бар К.Т. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жаайына камалды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар алдамчылык жолу менен жеке менчик транспорттук-логистикалык компаниядан жалпы суммасы болжол менен 385 миң АКШ долларын түзгөн эл керектөөчү товарларды алып жүргөн жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышканы аныкталган.

Учурда КР УКМК тарабынан бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, ошондой эле жогоруда аталган адамдардын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Ошондой эле, КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат. Тергөө иштери уланууда.