УКМК: Контрабандалык жүк ташыган автотранспорттор конфискацияланды – ФОТО

КР УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чек ара аймактарында жеке адамдар тарабынан автотранспорт каражаттарын колдонуу менен аткезчилик жүктөрдү ташуу фактылары аныкталды.

Ар бир факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иштери козголуп, алардын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен материалдар маңызы боюнча кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлгөн.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен, 2022-жылдын ноябрь айында контрабандалык жүк ташып бараткан «Хундай Портер» маркасындагы унаа эл керектөөчү товарлар түрүндөгү 1 млн 248 миң сомдук дары-дармек мамлекеттин эсебине алынган.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 19-майында Кадамжай райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын март айында 599 миң сомдук күйүүчү-майлоочу май түрүндөгү контрабандалык жүк ташыган «Камаз» маркасындагы жүк ташуучу унаа мамлекеттин эсебине конфискацияланган, мындан тышкары, буга чейин да контрабанда ишине пайдалангандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган Mercedes-Benz Actros жана Hyndai Porter маркасындагы 2 унаа боюнча материалдар Баткен облусунун сот органдарында каралып жатат.

КР УКМК контрабанда ишмердүүлүгү КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылып, ага катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.