Окуялар

УКМК: Таласта “Кадастр”, Архитектура башкармалыгынын жана Нуржанов айыл аймагынын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду

УКМК тарабынан Талас районунун “Кадастр” ММ, архитектура башкармалыгынын жана Нуржанов а/а айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду.

Алар 2014-2022-жылдар аралыгында материалдык пайда алуу максатында мораторий коюлган жана сугат айдоо жерлеринин категориясына кирген жер тилкелерин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыны мыйзамсыз жол-жоболоштуруп беришкен.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button