Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.