Коом
1-июндан тарта Бишкектин айланасындагы айылдар менен жаңы конуштарга суу маал-маалы менен гана берилет
«Бишкек суу каналы» мындай көрүнүш «кырдаал жакшырганга чейин» уланарын билдирди.
Арча-Бешик конушунда (Садырбаев, Семетей көчөлөрү, Орок айылын карай жол, Ахунбаевдин ортосу) саат 15.00дөн 22.00гө чейин гана берилет
Селекция, 105-контур, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое, Калтар айылдарында саат 06.00дөн 12.00гө чейин берилет
Эске салсак, бул аймактардын жашоочулары буга чейин эле суу аз келип жатканын же таптакыр келбей калганын айтып даттанып жатышкан.