Аликбек Жекшенкулов: “Ысык-Көлдө өтө турган Саммит – Кыргызстан үчүн чоң окуя жана ийгиликтерди жаратарына ишенем”

Ысык-Көлдө 2-3-июнда “Европа Биримдиги – Борбордук Азиянын” экинчи Саммити өтөт. Бул  саммитке Европа Биримдигинин президенти Шарль Мишель жана коңшу мамлекеттердин президенттери келишет. “Бул Саммиттен эмнени күтсөк болот?” бул тууралуу саясий ишмер Аликбек Жекшенкуловдун пикирин билдик.

-Менин оюмча Ысык-Көлдө боло турган 2-3-июндагы Орто Азия жана Евро Биримдиктин ортосундагы Саммит  биздин мамлекет, биздин эл үчүн абдан  чоң окуя жана жакшы ийгиликтерди жарата турган чоң иш чара. Анткени, биздин эл байкап жаткандыр, акыркы жылдарда биздин саясат абдан активдүү болууда. Россияга президент Садыр Жапаров бир эмес эки жолу барып келди, андан тышкары да Кытайга ийгиликтүү барып келди. Эми  бияка ошол Европа Биримдиктин президенти Шарль Мишель келип, Борбордук Азиянын  президенттери менен жолугуп,  дүйнөлүк саясатта, экономикада эки тараптуу, көп тараптуу  кызматташуу маселелери талкууланат. Мен ойлойм, бул жакшы  ийгиликтерге алып келе турган окуя.  Эми ушул биздин Ысык-Көлдө болуп жаткан саммит  эмнени  көрсөтөт?

Биринчиден, кыргыз элин, кыргыз мамлекетти, жалпы жетекчиликти сыйлап  бизге келип жаткан төрт  мамлекеттин президенттери Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавхат  Мирзиёев,  Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Туркмөн президентин Сердар Бердымухамедовдордун  келип жатканы  бул дагы жакшы.  Кошуналардын бизге жакшы карап, бүгүнкү  күндө өлкө лидерлеринин  келиши жакшы маанай түзүлгөнүн көрсөтүп жатат.

Ал эми бүгүнкү күндө  Европанын дүйнөлүк саясаты аз эмес, аны баарыбыз түшүнөбүз. Европа Биримдиктин президенти өзү Кыргызстанга келип,  биздин мамлекетте коңшулаш өлкөлөрдүн беш жетекчиси менен жолугуп,  маектешип,  пикир алмашып, кызматташуу маселелерин  талкуулаганы эмнени көрсөтүп жатат. Бул – жалпы Борбордук Азиянын саясий мааниси Европага жана ошол эле кезде дүйнөлүк саясатта таасири өсүп жатканын  жана ролу чоңоюп жатканын көрсөтөт.  Ошол себептен биздин дипломаттар жана дегеле биздин өкмөт жакшы денгээлде ушул чоң, маанилүү иш-чараны өткөрүп, биздин мамлекетибизге, элибизге чоң пайда алып келе турган саясий окуя болот. Анын үстүнө өзүңүздөр билесиздер, бүгүнкү күндө дүйнөлүк саясат курчуп, карам-каршылык күчөп жатканда  Борбордук Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан абдан  кылдат, өтө терең ой жүгүртүү менен, бардык жагынан таразалап, көп иштерге даярданып, келечекти ойлоп, биздин  улуттун кызыкчылыгын көздөгөн  саясатты  өткөрөт деп ишенем.

Дагы кошумчалай кетчү нерсе,  мен жыйырма жылдан ашык дипломатияда иштедим,  Ысык-Көлгө келген биздин меймандар, президенттер болобу же премьерлер, министрлер же депутаттар болобу  абдан ыраазы болуп, биздин мамлекетибизди, биздин элибизди  жакшы көрүп, суктанып, сыйлап  кетишет. Өзгөчө биздин Ысык-Көлүбүз ыйык  көл эмеспи, өзүнчө бир башкача аура түзүлүп,   жетекчилер  чечилип өздөрүнүн ойлорун ачык-айкын айтып, мамилелерди чыңдоого  абал түзүлөт. Буюрса баардыгы жакшы болот.