Сокулукта бала бакчанын чатыры күйдү

Сокулук районунда бала бакчанын чатыры күйдү. бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шопоков шаарында жайгашкан бала бакчадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, өрттү өчүрүүгө саат 18:15те 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 19:39да толугу менен өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

белгилей кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган.