Ноокат районунда интернет аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан диний экстремисттик мазмундагы материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды.

Аталган бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Инстаграмм социалдык тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун материалдарын таратып жүргөн О.Л. деген колдонуучунун аккаунту аныкталган.

Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган.

Тыюу салынган материалдарлы таратууга шектелип, Жалал-Абад облусунун тургуну 34 жаштагы О.Л. аттуу жаран кармалды.

Ага карата “экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.