Дүйнө

Колумбияда жер титирөөдөн чочуган аял терезеден кулап каза тапты

Колумбиянын борбору Богота шаарында күчү 6,3 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Чочулаган тургундар көчөгө качып чыгып, бир аял жыгылып каза болду, деп жазат Reuters.

Колумбиянын Улуттук геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү 6,3 баллга жеткен. 

Каргашалуу окуя борбор калаанын түштүк-чыгышында болуп, жер силкинүү учурунда бир аял терезеден кулап кеткенин мэр Клаудия Лопес билдирди.

«Биз көңүл айтабыз. Аял 10-кабаттан секирип каза болду»,- деди ал. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button