Коом
Бүгүн саат 20:00дө «Барселона» футбол клубунун мурдагы оюнчулары менен Борбор Азия легендаларынын беттеши өтөт

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.
Эгер стадионго жетпей калсаңыз, анда беттешти:
▪️ЭлТР телеканалынан же анын социалдык тармактагы баракчаларынан
▪️Билим-Илим (ЭлТР телеканалы)
▪️КТРК Спорт
▪️Кыргыз спорт каналынан көрсөңүз болот.
Түз эфир болжол менен саат 19:40та башталып, оюндун ар бир таймы 30 мүнөткө созулат. Баса, бүгүнкү оюнга ажо Садыр Жапаров дагы катышмакчы.



